АКШ бийлиги Евро Союздун америкалык атайын кызматтар тарабынан европалык аткаминерлерди тыңшоого алуу тууралуу ММКларга жарыяланган маалымат боюнча комментарий берүү талабынан баш тартты. Бул тууралуу 30-июнда Reuters агенттиги америкалык Улуттук чалгындоо агенттигинин расмий өкүлүнө шилтеме берүү аркылуу кабарлады. Аталган мекеме атайын кызматтын ишмердүүлүгүн талкуулоо дипломатиялык жолдор аркылуу болорун билдирген. Айта кетсек, буга чейин немис басылмаларынын бири Der Spiegel америкалык атайын кызматтар Евро Союздун өкүлдөрүнүн иш бөлмөсүнө сүйлөшүүлөрдү тыңшоочу аппараттарды койгонун жана ал жердеги маалыматтарды билип турууга толук мүмкүнчүлүк алганын жазып чыккан. Гезитке маалыматты америкалык атайын кызматтын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден берген болчу. АКШ бийлиги мамлекеттик менчикке кол салуу жана жашыруун маалыматтарды таратуу беренеси боюнча Сноуденге кылмыш ишин козгогон. Сноуден бир нече апта Гонконгдо жашырынып жүрүп, учурда Орусиянын аймагында баш калкалоодо.