
Бүгүн, 17-августта Бишкектеги Юлиус Фучик атындагы сейил багында ачык асман алдында жандуу концерт өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, аталган концертте шаар тургундарына жана конокторуна "Доор" фольклордук ансамбли, мэриянын оркестри жана Каныкей Раймалиева, Фарида Өмүрзакова, Жылдыз Тутуева, Кымбат Самудинова, Аксай Мукамбет уулу баш болгон эстрада жылдыздары өз өнөрлөрүн тартуулашат.
Концерт саат 19:00дөн 21:00гө чейин уланат. Кирүү акысыз.