Жайкы Азия оюндары: Бүгүн футбол боюнча Кыргыз олимпиадалык курама командасы Бахрейн курамасы менен беттешет

Бүгүн, 17-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын алкагында футбол боюнча беттештер орун алат. Анда Кыргыз олимпиадалык курама командасы Бахрейн курамасы менен кез келет.

Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында футбол боюнча Кыргыз олимпиадалык курама командасы Бахрейн, Түштүк Корея менен Малайзия курамалары менен бирге "Е" тайпасына туш келген.

1-турда Кыргыз курамасы Малайзия менен беттешип, тилекке каршы, 1:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калган. Эми 2-турдун алкагында Кыргыз футболчулары Бахрейн курамасына каршы ойношот. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

Футбол боюнча олимпиадалык курама командасына 23 жашка чейинки спортчулар жана 23 жаштан жогору 3 футболчу кирди. 23 жаштан жогорулар Калысбек Акималиев, Темирлан Козубаев жана Кайрат Жыргалбек уулу.

Кыргыз олимпиадалык командасынын курамы:

  • Дарбазачылар: Кутман Кадырбеков, Калысбек Акималиев;
  • Коргоочулар: Айзар Aкматов, Давлятжан Баратов, Андрей Долженко, Темирлан Kозубаев, Аманбек Маныбеков, Азат Мурзашев, Аскарбек Салиев, Мустафа Юсупов;
  • Жарым коргоочулар: Одилжон Aбдурахманов, Азим Aзаров, Атай Жумашев, Нуртай Kурмантай, Элдияр Сардарбеков, Темирболот Тапаев;
  • Чабуулчулар: Эрнист Батырканов, Кадырбек Шаарбеков, Кайрат Жыргалбек уулу;
  • Башкы машыктыруучу - Игорь Кудренко.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
monster_high_98
2018-08-17 15:00:59
Татыктуу оюн коргозгулочу кичине
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан