“Супер-Инфо” гезитинин #Бештичап оюнуна катышып, байгеге ээ бол

Өлкөбүздөгү эң көп нускалуу “Супер-Инфо” гезити өзүнүн Инстаграмдагы расмий баракчасына катталган достору үчүн #Бештичап оюнун жүргүзүп жатат. Оюндун шарттары эң жөнөкөй. “Супер-Инфо” гезитинин Инстаграмдагы баракчасында табышмак катылат. Анын жандырмагын окурмандар гезиттен табышы керек.

Гезиттин ар бир санында табышмактын жообун жазып толтуруу үчүн атайын орун бар. Ал жерге окурмандар өздөрүнүн аты-жөнүн жана гезиттен тапкан жоопту жазып, сүрөткө тартып Инстаграмдагы баракчасына #Бештичап хештегин кошуп жайгаштырат.

Жаңы тапшырманы жаңы сандын номери менен белгилөөнү унутпаңыз. Бул тапшырманын хештеги #Бештичап824. Ошондой эле аталган социалдык тармактагы гезиттин расмий баракчасын (@super_info_official) белгилөө керек.

Ар аптанын жума күнү башталган оюн шейшембиге чейин уланып, шейшембиде түз эфирде 10 жеңүүчү кокустан тандоо аркылуу аныкталат. Жыйынтыгында 10 бактылуу окурман 500 сомдон белекке ээ болот.

Оюнга катышып, жеңүүчү болуңуз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан