Талас. Селдин кесепетинен айдоо аянттары зыян тартты

30-июнь күнү катуу жааган жаандын кесепетинен Талас районунун Козучак жана Кызыл-Мойнок сайларынан сел түшкөн. Козучак сайынан түшкөн сел Талас - Беш-Таш унаа жолунун 12-13-чакырымын каптаса, ал эми Кызыл-Мойнок сайынан түшкөн сел бир нече айдоо аянттарды каптап кеткен. Мындан тышкары Бакай-Ата районундагы Чоң-Арык каналына саат 9:30 чамасында суу толуп, андан ашкан суу Шадыкан айылындагы айдоо аянттарын каптап кеткен. “Бактыга жараша турак-жайларга зыян келген жок. Аталган жерлерде райондук жарандык коргоо комиссиясы иштеп жатат”,- деди ӨКМнын Талас облусундагы башкармалыгынын өкүлү М.Бейшекеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
omurbek9393
2013-07-01 12:18:51
элдин айдоо талаасына болгон мээнети текке кеткени жаман болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан