"Роупжампинг" - сөзмө сөз которгондо жип менен секирүү дегенди түшүндүрөт. Азыркы тапта кеңири жайылып жаткан экстремалдуу спорттун бир түрү. Мында адамдар альпинисттик жиптер менен аскалардан ар кандай бийик имараттардан секиришет. Аталган спорт түрү Бразилия, Латвия, Түркия жана Украинада мыйзамдуу аттракцион катары катталган.
Спорттун бул түрү Кыргыз өлкөсүндө да өзүнүн кулачын кенен жайып жаткан учуру. Эгерде сиз бийиктиктен коркуу сезиминен арылгыңыз келсе роупжампинг жардамга келет.
Бишкектин четинде жайгашкан Чуңкурчак капчыгайында атайын даярдыктан өткөн топ аскадан секирүүнү каалаган адамдарга өздөрүнүн кызматын көрсөтөт. Кызмат баасы 800-1500 сомду түзөт. Кызмат көрсөтүп жаткандардын айтымында бардык коопсуздук эрежелери сакталган.
"Биз алгач өзүбүз секирип бардык коопсуздук эрежелерин текшеребиз андан соң гана секирүү үчүн келген адамдарды коё беребиз. Инструкторлор Орусияга барып атайын окуудан өтүп келген, өз милдеттерин мыкты билет. Бизге ар кандай курактагы адамдар келет, көбүн жаштар түзөт. Алар жалгыз келбестен өздөрүнүн достору же кесиптештери менен келишет. Айрым учурда үй-бүлөсү менен келгендер да бар", - деп билдирди кызмат көрсөтүп жаткан инструктор.
Аска бооруна чыгып эч нерседен коркпостон секирүүгө белсенген шаар тургуну Алина Сырдыбаеваны секирүү алдында сөзгө тарттык.
"Бул жакта аскадан секирүү мүмкүнчүлүгү бар экенин тааныштарымдан уккам. Бишкектен алыс эмес жерде жайгашкандыктан бардык нерсеге өз көзүм менен күбө болуу үчүн бул жакка келүүнү чечкем. Алгач эс алуу күнүнө алдын ала жазылгам. Болжогон саатта бизди кичи автобус алып келди. Мына эми секиргени турам. Кичине коркуп жатам", - дейт Алина.
Ал ортодо бийиктиги 60 метрди түзгөн аскадан кезеги келип калган айрым айымдар жана мырзалар секирүүдөн баш тартышты.
"Аскадан кулап бара жаткандагы сезимдерди сөз менен айтып жеткизе албайм. Жүрөгүм оозума кептелип, кулактарың чуулдап чыгат экен. Алгач эч кандай жабдыктар жок эле секирип кеткендей сезим болду. Жип өйдө тартканда гана сени бир нерсе кармап турганын сезет экенсиң. Болгон үнүм менен кыйкырып терс эмоциялардын баарын чыгарып, жеңилдеп калдым. Тиешелүү органдар көзөмөлдөп, коопсуздук эрежелери толук сакталса, бул экстремалдуу спорт түрүн башка аймактарда да өнүктүрсө жакшы болот", - деп билдирди каарманыбыз секирген соң. Аталган топ жума сайын кереметтүү Ысык-Көл жергесине барып да жергиликтүүлөрдү бийик имараттан секиртип турат.