Жүрөгүң оозуңа кептелип, кулактарың чуулдап чыгат... Чуңкурчактагы аскадан аркан менен секиргендеги сезимдер

"Роупжампинг" - сөзмө сөз которгондо жип менен секирүү дегенди түшүндүрөт. Азыркы тапта кеңири жайылып жаткан экстремалдуу спорттун бир түрү. Мында адамдар альпинисттик жиптер менен аскалардан ар кандай бийик имараттардан секиришет. Аталган спорт түрү Бразилия, Латвия, Түркия жана Украинада мыйзамдуу аттракцион катары катталган.

Спорттун бул түрү Кыргыз өлкөсүндө да өзүнүн кулачын кенен жайып жаткан учуру. Эгерде сиз бийиктиктен коркуу сезиминен арылгыңыз келсе роупжампинг жардамга келет.

Бишкектин четинде жайгашкан Чуңкурчак капчыгайында атайын даярдыктан өткөн топ аскадан секирүүнү каалаган адамдарга өздөрүнүн кызматын көрсөтөт. Кызмат баасы 800-1500 сомду түзөт. Кызмат көрсөтүп жаткандардын айтымында бардык коопсуздук эрежелери сакталган.

"Биз алгач өзүбүз секирип бардык коопсуздук эрежелерин текшеребиз андан соң гана секирүү үчүн келген адамдарды коё беребиз. Инструкторлор Орусияга барып атайын окуудан өтүп келген, өз милдеттерин мыкты билет. Бизге ар кандай курактагы адамдар келет, көбүн жаштар түзөт. Алар жалгыз келбестен өздөрүнүн достору же кесиптештери менен келишет. Айрым учурда үй-бүлөсү менен келгендер да бар", - деп билдирди кызмат көрсөтүп жаткан инструктор.

Аска бооруна чыгып эч нерседен коркпостон секирүүгө белсенген шаар тургуну Алина Сырдыбаеваны секирүү алдында сөзгө тарттык.
"Бул жакта аскадан секирүү мүмкүнчүлүгү бар экенин тааныштарымдан уккам. Бишкектен алыс эмес жерде жайгашкандыктан бардык нерсеге өз көзүм менен күбө болуу үчүн бул жакка келүүнү чечкем. Алгач эс алуу күнүнө алдын ала жазылгам. Болжогон саатта бизди кичи автобус алып келди. Мына эми секиргени турам. Кичине коркуп жатам", - дейт Алина.
Ал ортодо бийиктиги 60 метрди түзгөн аскадан кезеги келип калган айрым айымдар жана мырзалар секирүүдөн баш тартышты.
"Аскадан кулап бара жаткандагы сезимдерди сөз менен айтып жеткизе албайм. Жүрөгүм оозума кептелип, кулактарың чуулдап чыгат экен. Алгач эч кандай жабдыктар жок эле секирип кеткендей сезим болду. Жип өйдө тартканда гана сени бир нерсе кармап турганын сезет экенсиң. Болгон үнүм менен кыйкырып терс эмоциялардын баарын чыгарып, жеңилдеп калдым. Тиешелүү органдар көзөмөлдөп, коопсуздук эрежелери толук сакталса, бул экстремалдуу спорт түрүн башка аймактарда да өнүктүрсө жакшы болот", - деп билдирди каарманыбыз секирген соң. Аталган топ жума сайын кереметтүү Ысык-Көл жергесине барып да жергиликтүүлөрдү бийик имараттан секиртип турат.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Aigerim.95
2018-08-17 14:46:46
Журогун жарылып калат го. Коркунучтуу жана кызыктуу.
0
nuri1
2018-08-17 14:46:48
Кыздар кыйын экен
+1
Sezimka27
2018-08-17 15:01:52
менда баргым келтаат
-1
gulia90
2018-08-17 15:49:00
Өз коркунучту женгенге жардам бергидей, буюрса мен да барам. Эмнеден корксон ошого тике барыш керек экен. Мен бийиктиктен абдан корком.
+1
Usow
2018-08-17 15:57:52
Пай паааайййй мынча коркунучтуу. Тамдан тушуп атып 2 метр калганда кантсем экен секирсем не болот деп коркот адам бул жерден секирип журок байпака тушуп калатго.
+7
jamakeev2015
2018-08-18 10:46:10
Usow,
0
Patoshik1
2018-08-17 16:57:46
Ээ бул оной ле да вы че!!! эркексинби делай.эркекче кылыш керек.биринчи жолу ле коркунучтуу болбосо ле а так изи. эркек экенди ушул жерде доказать этиш керек,смелость надо!!!
-15
Majit1975
2018-08-17 17:15:52
Patoshik1,ле ле
+7
raykray
2018-08-17 17:58:49
Журок баарибир бир козголот болуш кк
0
Paprikafm
2018-08-17 18:43:41
Мага миллион берсе да секирбеймин
+4
Snejana
2018-08-17 21:15:03
Бийиктик менин фобиям. Даже каруселге тушо албайм.
+1
CEO1
2018-08-18 09:53:03
Кырсык каш кабактын ортосунда... Жон эле жургулочу, шаар коргон эчки кебетеленбей...
+5
Karakash
2018-08-18 11:54:49
кайдагы секируу, бешинчи кабатка чыгып жерди карагандан коркомун.
+2
bek_tash
2018-08-18 12:06:25
Айылыбызда Абшыр-Ата деген өтө кооз, кереметтүү жер бар. Буйруса ошол жерге курам мен да. Пайдасы соонун болот. Мага да, эс алуучуларга да.)))
0
Aitun
2018-08-18 16:25:24
Мага милион берседа секирбейм. Бишкектеги коруселге тушуп тушкучо олоюн дедимго.
0
Gulnyr19
2018-08-18 16:50:31
Жүрөк ошол жерде жарылатко
0
RusMos76
2018-08-18 19:44:09
Медицинадан дагы отуш керек жон эле секире бербей журогун токтоп калса эмне болот кан тамырлар жарылып, эмоцияны чыгарам дей бербей.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан