Президент Судьяларды тандоо боюнча кеңешке райондор аралык сотторунун судьяларынын кызмат ордуна сунуш кылынган бардык талапкерлер боюнча материалдарды кайра кайтарды

Президент Алмазбек Атамбаев жарандардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн судьяларды сынактык тандоодо болгон кемчиликтерди, ошондой эле Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын позициясын эске алып, Кыргызстандын Судьяларды тандоо боюнча кеңешине райондор аралык сотторунун судьяларынын кызмат ордуна сунуш кылынган бардык талапкерлер боюнча материалдарды кайра кайтарды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү бүгүн, 1-июлда билдирди. Анда президент мындай деп белгиледи: “Кыргызстандын Судьяларды тандоо боюнча кеңештин чечими менен райондор аралык соттордун бош кызмат орундарына дайындоо үчүн 26 талапкер көрсөтүлгөн. Судьялардын кызмат орундарына талапкерлердин документтерин, иштеп жаткан судьялардын документтерин компетенттүү мамлекеттик органдардын маалыматтарын, жарандардын жана чарбачыл субъекттердин, анын ичинде райондор аралык соттордун ишине Президенттик аппаратка келип түшкөн чет өлкөлүк инвесторлордун даттанууларын иликтеп, ошондой эле сынактык тандоого мониторинг жүргүзгөн укук коргоо уюмдарынын, башка коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын кайрылууларын, маалыматтарын көңүлгө алуу менен райондор аралык соттордун судьяларынын кызмат орундарына тандап алуулар өткөн шарттар аны өткөрүүнүн объективдүүлүгүнө жана калыстыгына шек туудурат деп эсептейм, ал райондор аралык соттордун судьяларынын кызмат орундарын ээлөө үчүн сунуш кылынган талапкерлер боюнча Кыргызстандын судьяларды тандоо боюнча кеңешинин сунушун кароого мүмкүндүк бербейт. Соттордун ишине жараша жарандарыбыз бүтүндөй бийликке жана мамлекетке болгон мамилесин калыптандырат. Эгерде сот адилеттүү соттук чечим чыгарса, демек, мамлекет да адилеттүү. Ушуга байланыштуу мамлекет башчысы катары сынактык тандоонун жүрүшүндө орун алган, жарандар, ошондой эле мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү көрсөткөн кемчиликтерди көңүл буруусуз калтыра албайм. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, ошондой эле “Кыргызстандын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин 2-бөлүгүнө жана “Кыргызстандын судьяларды тандоо боюнча Кеңеши жөнүндө” мыйзамдын 19-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргызстандын райондор аралык сотторунун судьяларынын кызмат ордуна сунуш кылынган бардык талапкерлер боюнча материалдарды кайра кайтарам”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан