Кыргыз өлкөсүнүн футзал боюнча "Алга" командасы Польшада өтүүчү эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.
"Futsal Masters-2018" аталышындагы мелдеш 28-августтан 1-сентябрга чейин Польшанын Ниса жана Ельч-Лясковице шаарында өтөт. Ага Европа аймагынан 8 футзалдык клуб катышат. Ал эми Азиядан жалгыз Бишкектин "Алга" командасы катышат.
Чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргыздын командасы "В" тайпасына туш келип, Франция, Украина жана Польшанын командалары менен күч сынашат.
Алгачкы беттешин "Алга-Бишкек" украиналык "Ураган" командасына каршы ойнойт.
Чүчү кулактын жыйынтыгы:
"А" тайпасы:
"Барселона Ласса" (Испания);
"Акана Орзел" (Польша);
"Сокол" (Украина);
"Копенгаген" (Дания);
"В" тайпасы:
КБ "Юнайтед" (Франция);
"Алга" (Кыргыз өлкөсү);
"Ураган" (Украина);
"Пиаст" (Польша).