2-июлда саат 10:00дө Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын аймагында жаңы, 6 кабаттуу оорукананын салтанаттуу ачылыш аземи болот. 150 орундуу бул бейтапкана Кытай өкмөтү тарабынан гранттык негизде медициналык жабдыктар менен камсыздалгандыгын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Мирбек Нуралиев белгилегендей, жаңы имаратта заманбап талаптарга ылайык жабдылган офтальмологиялык жана урологиялык бөлүмдөр жайгашкан. Алардын бардыгы операция жасоочу шарттары менен башкалардан айырмаланат. “Медиктер иштеши үчүн түзүлгөн заманбап шарттар жеке эле урологиялык жана офтальмологиялык жогорку талаптагы адистештирилген медициналык жардамды кыргызстандыктарга гана эмес, чет элдиктерге да көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт”,- дейт ал.