Орусия: Гейлерди үгүттөгөн юридикалык жактар 90 суткага ишин токтотот же 1 миллион рубль айып пул төлөйт

Орусия ажосу Владимир Путин жашы жете электер арасында салттуу эмес жыныстык мамилелерди пропагандалоого тыюу салган мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам гейлерди пропагандалоого чек коюу менен бирге мыйзамды бузган жеке жактарга 4-5 миң рубль, жооптуу кызматкерлерге 40-50 миң рубль, юридикалык жактарга 800 миң рубль айып пул салууну көздөйт. Юридикалык жактар административдик жаза катары иштеген жумушунан 90 суткага четтетилиши да мүмкүн. Ал эми гейлерди даңазалоону интернет же ММКнын жардамы менен ишке ашырган жеке жана жооптуу жактарга айып пулдун көлөмү 50-100 жана 100-200 миң рубль, юридикалык жактар үчүн 1 миллион рубль болмокчу.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан