Жайкы Азия оюндары: Футбол боюнча Кыргыз олимпиадалык курама командасы Бахрейн курамасы менен тең эсепте ойноду

Бүгүн, 17-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын алкагында футбол боюнча Кыргыз олимпиадалык курама командасы Бахрейн курамасы менен беттешип тең эсепте ойноду.

Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын футбол боюнча мелдешинде Кыргыз курама командасы 2-турдун алкагында Бахрейн курамасына каршы ойноду.

Беттештин жүрүшүндө эсеп санын бахрейндик футболчулар ачышты. Кыргыз футболчулар 59-мүнөттө чабуулга чыгып, Кайрат Жыргалбек уулунун оң канаттан узатылган чыгарып берүүсүн бахрейндик футболчу өз дарбазасына багыттап салды. Эсеп 1:1. 82-мүнөттө Эрнист Батырканов 3 атаандашын алдап өтүп, айып аянтчанын ичинен таамай сокку узатып дарбазачыга тосуп алууга мүмкүнчүлүк берген жок. Беттештин кошумча убакытында Бахрейн курамасы чабуулга чыгып 1 гол киргизип, эсепти 2:2 кылып кеткенге жетишти.

Муну менен беттеш 2:2 эсебинде аяктап, командалар 1 упайдан бөлүштү.

Эми 3-турдун алкагында 20-август күнү Кыргыз олимпиадалык курамасы Түштүк Корея менен беттешет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 18:00дө башталат.

Эске салсак, буга чейин 15-августта Кыргыз курамасы Малайзия курамасы менен беттешип 3:1 эсебинде жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
TalaCSKA
2018-08-17 19:10:00
Кореяны женесинер жигиттер ишенем силерге!!!
+2
monster_high_98
2018-08-17 19:24:33
Бахрейнди женип эле журбодунор беле?
-1
VIP_
2018-08-18 02:45:35
Олимпиадалык менен обычный сборный КРнын айырмасы барбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан