"Бишкек шаардык кеңеши төрагалыкка талапкерлер тууралуу кийинки аптада кеңеше баштайт" дейт депутат Таалайбек Сагынов

"Бишкек шаардык кеңеши төрагалыкка талапкерлер тууралуу кийинки аптада кеңеше баштайт", - деп бүгүн, 17-августта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Сагынов билдирди.

Ал Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болгонун жаңы эле укканын айтты. "Келе жаткан аптада төрагалыкка талапкерлерди фракциялар, коалициялар карап чыгат. Депутаттар сүйлөшүп, макулдашабыз. Азырынча кимдер талапкер боло турганы белгисиз", - деди ал.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Мыйзамга ылайык, шаардык кеңештин төрагасы илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерден тышкары акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө укуксуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан