Нарын облусунун Кочкор районунда жеңил унаа оодарылып кетип, 3 адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 17-августта саат 15:30 чамасында болгон.
"Кочкор районунун Ормон-Хан жана Кара-Суу айылдарынын ортосунда Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 3 адам окуя болгон жерден каза болуп, 2 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.
Учурда окуя болгон жерде Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлер иш алып барышууда. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, 40-45 жаштардагы 5 эркек киши болгон. Алардын аты-жөнү такталууда", - деди аталган бөлүмдөн.