2-июлда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде “Борбордук-чыгыш Кыргызстандын аска бетиндеги жазуулары”, “Түштүк Кыргызстандын аска бетиндеги жазуулары” жана “Кыргызстандын аска бетиндеги жазуулары” аттуу 3 китептин бет ачары болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул китептер 2010-2011-жылдары Нарын, Талас, Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарында жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында жазылды. Анда байыркы искусство эстеликтеринин сүрөттөрү, аска бетиндеги жазуулар жана башкалар камтылган. Китеп Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана аймак таануу факультети менен Музей-иликтөөчү борборунун кызматташып иш алып баруусунун негизинде басылып чыкты.