Жалал-Абад шаардык мэриясынын буйругу менен март айында шаар аймагында айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык жана инженердик инфраструктуранын абалын жакшыртуу боюнча эки айлык жарыяланган. Анын алкагында кароо-сынактын жеңүүчүлөрү аныкталып, акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Андан сырткары "Үлгүлүү үй", "Үлгүлүү көчө" номинациялары боюнча жеңүүчүлөр белгилүү болду. "Бул кароо-сынакка мэрдин резервдик фондунан 50 миң сом акча бөлүнгөн. Калаада жалпы беш аймактык башкармалык бар. Аталган иш-чарада "Курманбек" аймактык башкармалыгы биринчи орунду алса, "Достук" аймактык башкармалыгы экинчи орунду ээледи. Ал эми "Спутник" аймактык башкармалыгы үчүнчү орунду алды. Ошондой эле активдүү катышуучулар дагы акчалай сыйлыктарга ээ болушту",- деп билдирди биринчи вице-мэр Таирбек Чойбеков.