Бүгүн, 18-августта Индонезияда Азия оюндарынын ачылышы болот. Салтанаттуу ачылыш аземи Бишкек убактысы боюнча саат 18:00 чамаларында Жакарта шаарындагы "Гелора Бунг Карно" деп аталган стадиондо өтөт. Анда Кыргыз туусун волейболчу Оңолбек Каныбек уулу көтөрүп чыкса, оюнчуларды улуттук кураманын капитаны Каныбек Жолчубеков баштап чыгат.
Аталган Азия оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан спорттун 26 түрү боюнча 120дан ашык спортчу катышат.
Ал эми Азиянын жалпы 40 өлкөсүнөн катышкан спортчулар спорттун 40 түрү боюнча күч сынашмакчы.
Азия оюндары 18-августтан 1-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтүп, жабылышы 2-сентябрда өтөт.