29-июнда белгисиз бирөөлөр экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун кызматтык унаасынын (15 KG) номурун уурдап кетишти. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, номур азырынча табыла элек. Ал эми Турсунбек Акун: “Мени менен байланышкан окуялардан соң УКМКнын кызматкерлеринин колунан келген иш”,- деп билдирген. Эске сала кетсек, Акун учурда ооруканада дарыланууда. Ал 27-июнда Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен кызматынан мөөнөтүнөн мурда четтетилген.