18-августта Индонезияда Азия оюндарынын ачылышы болду. Салтанаттуу ачылыш аземи өлкөнүн борбору Жакарта шаарындагы "Гелора Бунг Карно" деп аталган стадиондо өттү. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Кыргыз өлкөсүнүн спорттук делегациясы ири топ менен басып, алардын катарында оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев да болду. Ар бир өлкөнү алтын куштун формасын кийген бийкеч коштоп барды. Иш-чара ыр-бий менен коштолду. Ал эми Кыргыз туусун волейболчу Оңолбек Каныбек уулу көтөрүп чыкты.
Кыргыз делегациясында жалпысынан 202 адам болсо, анын 149у спортчу. Калганы машыктыруучу, калыс жана дарыгерлер экендиги айтылды. 45 өлкөдөн келген оюнчулар спорттун 40 түрү боюнча күч сынашат. Анын 32си олимпиадалык болсо, сегизи спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү. Жалпысынан 481 медаль комплектиси ойнотулмакчы. Аталган Азия оюндарына Кыргыз өлкөсүнөн барган спортчулар спорттун 28 түрү боюнча күч сынашат.
Азия оюндары 18-августтан 1-сентябрга чейин Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтүп, жабылышы 2-сентябрда өтөт.