Уругвайдын мурдагы президенти Хосе Мухика пенсия алуудан жана сенатор кызмат ордунан баш тартты. Мухика дүйнөдө эң кедей президент деп таанылып, жөнөкөй жашоо образы менен белгилүү.
Чет элдик ЖМКлардын жазганына караганда, ал 15-августта 2020-жылга чейин иштеши керек болгон сенатор кызмат ордун бошотуп берип, ошол эле учурда пенсия алуудан да баш тартты.
Ал 2010-жылдын 1-мартынан 2015-жылдын 1-мартына чейин өлкөнүн президенти болуп турганда өзүнүн борбордон анча алыс эмес жайгашкан Монтевидеодогу фермасында жашап, алган айлыгынын 90 пайызын кайрымдуулукка жумшап келген.
Айрым маалыматтарга караганда, ал өз фермасында үй жаныбарларын багып, эл катары эшигинин алдына тартылган кермеге кир жайып, кудуктан суу ташып ичет.
Учурда анын 1987-жылы чыгарылган Volkswagen Beetle үлгүсүндөгү унаасы бар. 2014-жылы унаасын 1 миллион долларга сатуу сунушу түшүп, бирок Мухика сунуштан баш тартканы айтылган.