Магомед Мусаев Жайкы Азия оюндарында Кыргызга алгачкы медалды алып келди

Кыргыз балбаны Магомед Мусаев Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында Кыргыз курама командасынын капчыгына алгачкы медалды алып келди.

Магомедов 19-августта эркин күрөш боюнча 97 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Жарым финалга жолдомо алуу үчүн оогандык балбан менен кез келип, беттештин акыркы көз ирмемдеринде жеңишти илип кеткен. Жарым финалда да кармаштын акыркы секунддарында кореялык спортчуну жеңген.

Финалдык беттеште Кыргыз балбаны дүйнөнүн 2 жолку чемпиону ирандык Алиреза Каримимачиани аттуу балбан менен бет келген.

Биринчи үч мүнөттүктү ирандык балбан 5:0 эсебинде жеңип, экинчи бөлүктө да 1 упай топтогонго жетишкен. Муну менен Мусаев күмүш медалга ээ болуп, өлкө үчүн эң алгачкы медалды алып келе алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
engel
2018-08-20 08:11:11
Молодец! Бирок озунун конулу суз го...Алтын болсо деп жатат го.
0
monster_high_98
2018-08-20 15:40:56
engel,Негизи ушундай !Кайсы бир курошундо дагы "секин"эле женилип берген!Баарибир 1егионер да
0
Jetigen99
2018-08-20 08:42:15
Оо таң атканда жакшы жаңылык бар экен молодец Магомед бул башталышы гана
+5
kyialreal
2018-08-20 10:23:14
Магамед азаматсын. Но только 2 качан бир болот
+1
toktor89
2018-08-20 11:55:52
Алга Кыргызстан
0
erkeleim
2018-08-20 13:33:15
Азамат. Кыргызстандын желегин желбиретип журо бер. Кийинкиде 1ди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан