Америкалык актриса, көп кырдуу таланттын ээси Деми Ловато 26 жашка толду. Ал 1992-жылы 20-августта АКШнын Даллас шаарында төрөлгөн. Кичинекей кезинен тарта белгилүү "Хор", "Күн киргенден таң атканча", "Санниге мүмкүнчүлүк бергиле" сериалдарында жана жаштардын "Жайкы лагердеги рок", "Ханбийкелерди коргоочу программа" тасмаларына тартылып, музыка жаатында да карьера жасай алган. Ал өзү ыр жазып, обон чыгарат, фортепиано жана гитарада ойноп, бийлейт.
Актрисаны апасы жалгыз тарбиялаган. Анткени атасы менен апасы Деми Ловато 2 жашар кезинде ажырашып кеткендиктен, аны жакшы эстебейт. Дал ошондон улам ал психологиялык жактан жабыркап, классташтарынын сөзүн көтөрө албай, үйүндө окуган. Апасынын айтымында, ал 7 жашынан баштап өзүн өзү өлтүрүү тууралуу ойлонуп келген.
Музыка дүйнөсүнө 7 жашында кирген. Ошол кезде ал фортепианодо ойноп баштаган, аны үйрөнгөн соң гитарада ойноого киришкен. Гитарада ойногонду өздөштүргөн соң актёрлук чеберчилик боюнча курстарга катыша баштаган.Көпчүлүк аны ырчы катары жакшы көрүшөт, өзү музыка ал үчүн биринчи орунда турарын да айткан. Бирок анын алгачкы ийгилиги кинематографияда болгон. Ал кичинекей кезинде "Барни жана анын достору" балдар телеберүүсүнө катышкан. Ошол эле телеберүүгө Селена Гомес да катышкан. Экөө учурда жакын достордон болушат.
2006-жылы Ловатону "Качуу" ("Побег") сериалынын бир сериясына тартылууга чакырышкан. Андан соң анын карьерасы Disney компаниясы менен тыгыз байланышта болгон. Компания ага жаштар үчүн долбоорлордо роль берип гана тим болбостон, анын автордук ырларын саундтрек катары колдонгон.
"Жайкы лагердеги рок" телеберүүсү аны жылдызга айланткан. Дал ошол телеберүүдө Жо Жонас менен бирге аткарган "This Is Me" ыры жаңырган. Премьерадан кийин эле бул ыр хит-параддарды багындырган.
"Ханбийкелерди коргоочу программа" сериалына катышкан маалда эки дос тең белгилүү болуп калышкан. Андыктан теледолбоордун көрүүчүлөрүнүн саны 8 миллиондон ашкан. Ошол эле сериалда Деми Ловатонун белгилүү "One and the Same" ыры жаңырган.
"Jonas Brothers" тобунда ырдап чыкканы Ловатону жеке ырчы катары тааныткан. Көп өтпөй 10 күндө жаздырылган анын "Don't Forget" дебюттук альбомундагы сапаттуу ырлары күйөрмандарын эле эмес, сынчыларды да таң калтырган.
Ал америкалык "Х-Factor" теледолбооруна Бритни Спирс, Эл Эй Рейдэ жана Саймон Коуэлл менен биргеликте калыс болгону аны жылдыздардын катарына кошулганын тастыктаган. 2015-жылдын октябрь айында "Confident" аталышындагы 5-жеке альбому жарык көрүп, андагы "Cool for Summer" ыры дүйнө жүзүндөгү бий аянтчаларын каптаган. Ырдын клиби интернетке жарыяланган соң бир суткада 3 миллион жолу көрүлгөн.
Деми Ловато "Jonas Brothers" тобундагы Жо Жонас менен мамиледе болгон. Тилекке каршы, бул кооз сүйүүнүн аягы жакшы бүткөн эмес. Ловато үчүн үзүлгөн мамиле оор тийген. Ал кайрадан психологиялык жактан жабыркап, 3 ай бою Чикагодогу психологиялык жардам борборунда дарыланган.
"Күн киргенден таң атканча" сериалына тартылган соң, Ловато менен Уилмер Вальдерам 5 жыл бою кыз-жигит болушкан. Бирок 2016-жылы июнь айында ЖМКлар алардын эки жолго түшкөнүн кабарлашкан. Бул ирет ырчы ажырашууну жүрөгүнө жакын алган эмес. Бул тууралуу ал журналисттерге "мен чоңойдум, өзүмдү эркин сезип жатам" деген.
2016-жылы октябрь айында Деми Ловато Кети Перринин мурунку жигити 39 жаштагы Жон Майер менен жолукканын көрүшкөн. Учурда Ловато ар кандай кайрымдуулук акцияларына катышып келет.
Деми Ловато социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу. Ал аны көрө албагандардын пикирлерин окугандан тажаганын айтып, Твиттердеги жана Инстаграмдагы аккаунттарын өчүрүп, экинчи кайтпасын билдирген. Бирок бир да күн чыдабай, кайрадан күйөрмандары үчүн кайтканын айткан.
Ал эми актриса ушул жылдын июль айында эсин жоготуп ооруканага түшкөнүн, ошондой эле баңгизатын ашыкча колдонгону үчүн жүрөгүнүн токтошуна аз эле калганын, 7-августта ооруканадан чыкканын чет элдик маалымат булактары наркологиялык клиниканын доктору, психолог Кевин Гиллиландга таянуу менен жазып чыгышкан. Азыркы учурда Ловато реабилитациялык наркологиялык клиникадан дарылоо курсунан өтүүдө.
20-августтун жылнаамасы.