ЖЫЛНААМА, 20-АВГУСТ: Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара-Клара Самат 55 жашка толду

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара-Клара Самат 1963-жылы 20-августта Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Саясий илимдердин кандидаты.

Эмгек жолун 1986-жылы Таш-Көмүр шаарындагы №7 мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган. 1987-1991-жылдары кесиптик техникалык училищесинде баштапкы комсомол уюмунун катчысы;

1995-2001-жылдары КМШ өлкөлөрү башкармалыгынын III катчысынын, андан соң мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр тобунун II катчысынын, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы элчилигинин II катчысынын, кийинчерээк I катчысынын стратегиялык жана укуктук көйгөйлөрдүн эл аралык коопсуздугу башкы башкармалыгынын эл аралык коопсуздук бөлүмүнүн кеңешчисинин кызмат орундарын ээлеген.

2001-жылдан тартып 2005-жылдын апрелине чейин КМШнын экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультанты болуп саналган;

2005-2006-жылдары Кыргыз өолкөсүндөгү Орусиянын элчилигинин кеңешчисинин кызматын ээлеген;

2006-жылы президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалган;

2006-2007-жылдары президенттин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр эл аралык институтунун директору;

2007-2008-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы болгон;

2018-жылдын май айынан тартып Жогорку Кеңештин депутаты.

20-августка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан