"Азия Молл" соода комплексинде жайкы жарманке өтүүдө. Шаардагы кайсы көчө аркылуу ага оңой жана бат жетсе болот?

Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу жабылганы менен, "Азия Молл" соода борборуна жетүү оңой жана тез. Баш калаанын жашоочулары жана коноктору үчүн соода борборуна баруучу альтернативдик жол бар экенин эсиңиздерге салабыз.

Жолду оңдоо иштери жүрүп жатканына карабастан учурда "Азия Молл" соода борборунун жайкы аянтчасында чоң жарманкелер өтүүдө. Ага аталган соода жайдын бутиктериндеги товарлар, азык-түлүк, тамак-аштар чыгарылат. Жарманкеге балдары менен келгендерге да мыкты шарттар түзүлгөн, жайкы аянтка түрдүү аттракциондор орнотулган.

"Мындан тышкары биз мектеп окуучулары үчүн да шарт түздүк. Мектепке керектүү буюмдар үчүн атайын арзандатуулар каралган. "Азия Молл" соода комплексиндеги жайкы жарманке август айынын аягына чейин саат 17:00дөн 22:00гө чейин иштейт", - деп маалымдашты аталган комплекстен.


кошулду
"Азия Молл" соода комплексине оңой жана бат жетүүнүн картасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан