Орусиялык мушкер Александр Емельяненко беттештен кийинки абалын көрсөттү

Орусиялык мушкер Александр Емельяненко америкалык Тони Жонс менен болгон беттештен кийинки жүзүн көрсөттү. Ал өзүнүн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялап "Менин жумушум ушундай! Ушинтип нанга акча табам" деп билдирүү калтырган.

Емельяненко жана Жонсондун беттеши World Fighting Championship Akhmat лигасынын алкагында өткөн. Анда калыстар тобу чечим чыгара албай беттеш тең чыгуу менен аяктаган. Беттештен соң орусиялык мушкер ооруканага жеткирилген.

Александр Емельяненко спорттогу карьерасында 28 беттеш өткөрүп, 7 жолу жеңилүү ызасын тартып, 21 жолу жеңишке жеткен. Тони Жонсон 11 жолу жеңишке жетип, 4 жолу жеңилип жана бир беттеши тең чыгуу менен аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond02
2018-08-20 12:09:04
Кинодогудай болуптур го.
+2
33SUUN
2018-08-20 12:34:30
Тони айтты эле беттештен мурун.-Мени оной ойлобоо, былчылдатып сабап салам деген эле. Айтканындай эле басып алып чыканак менен эзип салды.
+5
Kanybek121195
2018-08-20 12:37:21
Менин жумушуман өтөрү жок екен. Стройкада кафел басып бирө бир мышыкгыңды пыш дебейт.
+19
bond02
2018-08-20 13:46:50
Kanybek121195,тех надзорчу?
+7
Respect.
2018-08-20 13:59:11
Барып барып крышасы тайып кетсе керек ушулардын
+4
Sezimka27
2018-08-20 14:55:19
ушинтип иштеп зарылбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан