Бүгүн, 20-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын 2-мелдеш күнү өтүүдө. Анда спорттун 24 түрүнөн 29 медалдар топтому ойнотулууда.
Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште бүгүн Кыргыз балбаныбыз Айсулуу Тыныбекова өзүн сынамакчы. Ал 62 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алгач Түндүк Кореялык Жонг Сим Рим менен таймашат.
Эгерде Айсулуу Тыныбекова бул беттеште жеңишке жетсе, анда ал чейрек финалда кытайлык Руи Хю менен кез келет.