Индиялык актриса, модель жана 2000-жылы "Дүйнө сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү Приянка Чопра турмушка чыкты. Актрисанын өмүрлүк жолдошу өзүнөн 10 жаш кичүү америкалык музыкант, актёр Ник Жонас болгон.
Түгөйлөр Мумбаидеги храмдардын биринде баш кошкон. Тойго Ник Жонастын ата-энеси АКШдан келип, келиндин үй-бүлөсү менен таанышкан. Салтка ылайык, Приянка Чопра улуттук сари кийимин кийген. Ал эми түгөйлөр ата-энесинен бата алып, никесин мыйзамдаштырган.
Буга чейин Ник Жонас сүйүктүүсүнүн туулган күнүндө баш кошуу тууралуу сунушун жасаган.
Маалымат үчүн: Приянка Чопра 1982-жылы 18-июлда Индиянын Жамшедпур шаарында төрөлгөн. 2000-жылы "Дүйнө сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү болгон. Бир нече фильмдерде роль жараткан актриса 2015-2018-жылдар аралыгында америкалык "Куантико" сериалына тартылган.
Ал эми Ник Жонас 1992-жылы 16-сентябрда АКШнын Техас штатындагы Даллас шаарында туулган.