Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде "Шамбала" тасмасы тартылууда. Бул тууралуу тасманын режиссёру Артыкпай Сүйүндүков билдирди.
Артыкпай Сүйүндүков аталган тасманын сценарийин узак убакыттан бери даярдаган. Повесттин негизинде фильмди тартуу үчүн жазуучунун макулдугун алганын билдирген. Ал эми тасманын оператору Мурат Алиев. "Шамбала" тасмасы Кемин, Балыкчы шаарларында жана Нарын облусунун аймагында тартылат. Режиссёр тасманын бет ачары кийинки жылы болорун кошумчалады.
Белгилей кетсек, 1976-жылы режиссёр Болот Шамшиев "Ак кеме" повестинин негизинде биринчи тасманы тарткан.