6 айда Социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук кабылдамасына 462 адам кайрылган

Үстүбүздөгү жылдын 6 айында Социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук кабылдамасына 462 адам кайрылган. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Кайрылгандардын көпчүлүгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, пенсия курагындагылар, согуштун ардагерлери, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр болгон. Көпчүлүк жарандар жөлөк пул жана гуманитардык жардам маселелери боюнча кайрылышкан, алардын 43,2 пайызын бишкектиктер түзгөн. Маалыматка ылайык, бул кайрылуулар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, бардык билдирүүлөр аткарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан