Кыргыз оор атлетчи Жаңыл Океева Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында 11 спортчунун арасында 9-орунду ээлеп калды.
Бүгүн, 20-августта оюндун кыз-келиндер арасындагы оор атлетика боюнча мелдешинде 48 килограммга чейинки салмак ченинде Океева жулкуп көтөрүүдө 72 килограммдык штанганы, түртүп көтөрүүдө 95 килограммды көтөрдү. Спортчунун жалпы жыйынтыктоочу көрсөткүчү 167 килограммды түздү. Бул жыйынтык менен спортчу 9-орунду ээлеп калды.
Бул салмак ченинде 1-орунду түштүк кореялык Сонг Гам ээледи, ал жалпы 199 килограмм салмактагы штанганы көтөрдү.