АКШнын Анкарадагы элчилигинин имаратына белгисиз адамдар тарабынан ок атылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 20-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 05:00 чамасында болгон. Ак түстөгү жеңил унаадан 4-5 жолу атылган ок элчиликтин күзөтчүлөр отуруучу бөлүгүнүн айнегине тийген. Полиция аталган окуядан жабыркагандар болбогонун билдирип, ок атууга шектүүлөрдү издеп жатканын маалымдаган.
Бул окуя Түркия менен АКШнын мамилеси солгундап турган учурга туш келген. Ушул жылдын 10-августунда АКШ Түркиядан алынып келген алюминий менен болотко бажы салыгын 20 пайыздан 50 пайызга чейин жогорулаткан. Дал ошол күнү Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган элди доллардан баш тартууга жана АКШдан чыгарылган электрондук товарларды сатып албоого чакырган. Мындан сырткары Кошмо Штаттардан алынып келген айрым товарларга бажы салыгын жогорулаткан.