Тажикстанда Курман айт күнү чоң дасторкон жайып, дүйүм тамактарды жайнаткандарга айып салынат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 21-август күнү таң эрте Динди жана салттарды жөнгө салуу комитетинин кызматкерлери атайын рейдге чыгышат. Алар жергиликтүү калктын дасторконун текшерүүгө алышат. Майрамга карата даярдалган дасторкон ысырапкорчулукка жол бербеши керек экендиги тууралуу өлкө мыйзамынын 7-беренесинде жазылган.
Дин комитетинин басма сөз катчысы Афшин Муким тараткан маалыматка ылайык, майрамдык дасторкондун узундугу 1,5 метрден туурасы 1 метрден ашпашы керек. Анда мөмө-жемиштер, чак-чак, боорсок жана дагы бир-эки гана даам болуусу шарт.
"Кургатылган мөмө-жемиштерди дагы койсо болот, бирок алар көп болбошу керек. Эгерде бул шарттар бузулса, 530 доллар айып салынат", - деп билдирген Муким.
Өз кезегинде юристтер кызматкерлердин жеке турак үйлөргө кирип баруусу мыйзамга каршы келерин, бирок алар үйдүн ээсинин уруксаты менен кирсе эч кандай мыйзам бузулбай тургандыгын кошумчалашкан.