Өлкө жетекчиси Сооронбай Жээнбековго жолугушуу үчүн келген 5 аял кармалып, үчөөсүн сот административдик жазага тартты.
15-августта президент Жээнбеков Кочкор-Атада жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөргөн. Ага келген 5 аялды коопсуздук кызматкерлери "тизмеде жоксуӊар" деп залга киргизбей коюп, ортодо түшүнбөстүк чыккан. 5 аялды милиция кармап кетип, Жээнбеков кеткенден кийин Ноокен райондук соту алардын үчөөсүн Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 371-беренеси - мыйзамдуу буйрукка же коомдук тартипти караган орган кызматкеринин талабына баш ийбөө боюнча күнөөлүү деп таап, ар бирин 500 сомдон айыпка жыкты.
Жээнбеков өлкөдө ар бир жарандын арызы жоопсуз калбашы керектигин айтып келет. Жогорудагыдай окуялар президенттин сөзү менен анын тегерегинде болуп жаткан иштер дал келбей жатканын көрсөтүп талкууга түштү.