Бүгүн орусиялык мушкер, саясатчы, шоумен Николай Валуев 45 жашка чыкты. Ал 1973-жылы 21-августта Орусиянын Ленинград шаарында жумушчулардын үй-бүлөсүндө туулган.
Николай Валуев төрөлгөндө бою 52 сантиметр болчу. Бирок бала бакчада анын бою өтө тез өсүп баштаган. Бою бат өскөндөн улам анын ата-энеси кийим алып бергенге жетишчү эмес.
Мектепте 5-класста окуп жүргөндө, аны баскетбол боюнча машыктыруучу байкап калып баскетбол ойноого чакырат. Алгачкы машыгууларын Николай Валуев мектептин секциясында өткөрчү. Кийинчерээк спорттук интернатка көчүп барып машыгуусун улантат. Машыгуусунун жыйынтыгы аны жаштар арасындагы өлкөнүн чемпиондугун жеңгенге алып келет.
Валуевдин бою өскөнү токтобогондон улам тоскоолдуктар жаралып баштайт. Жаш спортчунун координация менен көйгөйлөрү пайда болгондуктан Валуев спорт академиясына диск ыргытуу спорту менен машыгып баштайт. Спортко шыгы бар болгондуктан, ал Спорт чеберине нормативдерин жеңил эле тапшырганга үлгүрөт.
Карьера
Спорттун бокс түрүнө кеч аралашкан, ошол кезде ал 20 жашта болчу. Бир нече ай машыгуудан соң ал рингге чыгат. Алгачкы беттеши 1993-жылы Берлин шаарында өтөт, анда Валуев америкалык мушкер Жон Мортон менен беттешип, аны жеңип алат.
1999-жылы Николай Валуев орусиялык Алексей Осокинди жеңип оор салмакта өлкө чемпиондугун багынтат.
Континенттер арасындагы чемпион наамын Николай Валуев 2004-жылы алган. Ал нигериялык Ричард Бангону калыстардын бирдей чечими менен жеңип алган.
Эң мыкты беттешин Николай Валуев англиялык Дэвид Хей менен өткөрөт, бирок анда ал өзүнүн карьерасында 2-жолу жеңилип калат.
Жалпы эсепте орусиялык мушкер 53 беттеш өткөргөн, 50 беттеште жеңип, 2 беттеште жеңилип жана 1 беттешти тең жыйынтыктаган.
Саясат
2011-жылы Николай Валуев саясатка аралашат. Ал "Единая Россия" партиясынын курамы менен Мамлекеттик Думанын VI жана VII чакырылышынын депутаты болуп келген. 2011-жылдан тарта Мамлекеттик Думанын Экология жана жаратылышты коргоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп келет. Азыркы убакытта ал дене тарбия жана спорт иштери менен алек болуп, 2017-жылы Коомдук кеңештин "Экология" коомдук форумунун төрагасы.
Үй-бүлөсү
Спортчу, саясатчы жана шоумен үй-бүлөчүл киши. Николай Валуев аялы Галина Дмитриева менен 1997-жылы таанышкан. Ал кезде Николай 24 жашта болсо, Галина 20 жашка толгон. Азыркы убакытта мушкердин 3 баласы бар, кызы Ирина жана эркек балдары Григорий менен Сергей.
Орусиялык телешоунун биринде мушкер үй-бүлөнүн башчысы Галина Дмитриева деп айткан. Мындан улам Николай Валуев сыртынан айбаттуу болгону менен, ичинен аябай боорукер жана аялына чыныгы жолдош экени билинген.
Николай Валуев мергенчиликти жана катер менен жүрүүнү жакшы көрөт. 2009-жылдан баштап өзүнүн бокс мектебин башкарат. Ошондой эле Николай Валуев кайрымдуулук менен алек. Николай Валуев атындагы фонд балдар спорт мектептерине жардам берет.
2014-жылы 11-октябрда Бишкекте бокс боюнча Дүйнөнүн экс-чемпиону Николай Валуев чыгармачылык кечесин өткөргөн.
Чогулган күйөрмандарына ал 2 сааттан ашык убакыт бою өзүнүн спорт жаатындагы ийгиликтери, жашоодогу жетишкендиктери, кандай жол менен атактуу болгону тууралуу кенен маек курган.
"Дээрлик даярдыксыз келип, эл алдында болгонун болгондой айтып бердим" деген Н.Валуевге залдан күйөрмандардан да суроолор тынбай узатылган. Андыктан "орусиялык гигант" атка конгон конок өзү тууралуу айтылган анекдотторду түшүнүү менен кабыл аларын айткан.
Андан тышкары боксту кесип катары гана кабыл алып, бирок бул спорт түрүн жеңил атлетика спортундай баалабаганын белгилеген.
Валуев дүйнөдөгү эң узун адамдардын катарын толуктап, учурдагы бою 2 метр 13 сантиметрди түзөт.
Жайкы эс алууну үй-бүлөсү менен бирге балык уулап өткөргөндү жактырат.
21-августтун жылнаамасы.