Жайкы Азия оюндары: Кыргыз спортчусу Авазбек Аманбеков ушу-саньда боюнча мелдештин чейрек финалына чыкты

Кыргыз спортчусу Авазбек Аманбеков Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында ушу-саньда боюнча мелдеште чейрек финалга чыкты.

Бүгүн, 20-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында ушу-саньда боюнча мелдеш старт алды. Анда Кыргыз өлкөсүнөн Авазбек Аманбеков, Рустан Ибрагимов жана Канатбек Абдуганиев катышууда.

Авазбек Аманбеков 56 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгач жарым чейрек финалдык баскычтан күч сынашып баштады. Алгачкы атаандашы Гонконгдун спортчусу Лам Ман Кан болду. Беттештин жыйынтыгында Аманбеков 2:1 эсеби менен жеңишке жетип чейрек финалга аттанды. Анда Авазбек Аманбеков кытайлык Шен Гуошун менен беттешет.

Ал эми Рустан Ибрагимов жана Канатбек Абдуганиев азырынча беттеше элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан