Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Таиланддын КРдагы элчисинен Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн алды

Бүгүн, 1-июлда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Таиланддын Кыргызстандагы элчиси Чарн Жуламмондон Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн алды. ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-таиланд мамилелеринин орчундуу маселелерин жана тараптардын мамилелеринин өнүгүү багытын талкуулашты. Тышкы иштер министри Чарн Жуламмонду Кыргызстандагы элчилик кызматына дайындалышы менен куттуктап, ийгилик каалады. Ошондой эле элчинин ишмердүүлүгү алдында эки тараптын достук мамилеси мындан ары да өнүгөрүнө ишеним көрсөтөрүн билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан