Жайкы Азия оюндары: Футбол боюнча Кыргыз олимпиадалык курамасы Түштүк Кореяга жеңилип, мелдештен четтеп калды

Бүгүн, 20-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын алкагында футбол боюнча Кыргыз олимпиадалык курама командасы Түштүк Корея курамасы менен беттешип жеңилип калды.

Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын футбол боюнча мелдешинде Кыргыз курама командасы тайпалык баскычтын 3-турунда Түштүк Корея курамасына каршы ойноду.

Беттештин алгачкы мүнөттөрүндө түштүк кореялык футболчулар чабуулга чыгып, Калыс Акималиевдин дарбазасында кооптуу абалдарды жаратып жатышты. 2-таймдын 63-мүнөтүндө түштүк кореялыктардын чабуулу гол менен аяктады. Анда англиялык "Тоттенхэм" футболдук клубунда ойногон Сон Хын Мин айырмаланып эсепти 1:0 кылды.

Муну менен беттешин соңуна чейин эсеп саны өзгөрбөй, беттеш 1:0 эсеби менен аяктады.

Түштүк Корея курамасы "Е" тайпасында 2 беттеште жеңишке жетип, 1 жолу жеңилүү ызасын тартып 6 упай менен плей-офф баскычына жолдомо алды. Ал эми Кыргыз курамасы мелдештен четтеди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
erjigit-e.15
2018-08-20 21:03:51
Жаман эмес
0
zahid
2018-08-20 21:47:40
Сон Тоттенхем оюнчусу менен биздин жигиттер татыктуу ойношуптур
0
zahid
2018-08-20 21:48:06
Бирок женилуу биз учун эмес
-1
bond02
2018-08-20 22:07:55
Келип ишинерди кылгылачы э футболчу чыкпайт силерден.
-3
kg_emilbekov
2018-08-20 22:19:06
ОЗУ МЕН ИШЕНГЕН АЙСЫЛУУ ЕЛЕ БОЛЧУ БУЛАРДАН УМУТ КЫЛГАН ЭМЕСМИН АТКЕНИ КОРЕЯ КУШТУУ
+2
Zidan2
2018-08-20 22:57:44
Малайзияны утуш керек эле Бахрейн экоону
+1
monster_high_98
2018-08-20 23:04:53
Умут очо элек булардан, буйруса жеништер кутуп турат!
0
dair_17
2018-08-20 23:25:33
Азия оюндарын кайсы каналдан берип жатат
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан