"Медиа-порталдын" "ЭЛДИК ВИДЕО" бөлүмүнө кыргыз вайнери Эльдана Сатыбалдиеванын "Токалочка" аталышындагы клиби жүктөлдү. Анда Эльдана Сатыбалдиева менен казакстандык "YANS" чыгармачыл тобунун жигиттери орус тилинде ыр аткарышкан.
Клипте вайнер Эльдана өзүн жеңил алып жүргөн кыздын ролун жаратып "эмне кааласам ошого жетем, бирде Бали аралына барып эс алсам, бирде жаңы iPhone алам. Менин "атакем прокурор" деген ыр саптарын айткан. Ал эми мырзалар "каалаганыңды берем, сен менин токолумсуң" деген жообун узаткан.
Эльдана Сатыбалдиева социалдык тармактагы жеке баракчасына жогорудагы видеодон үзүндү жүктөп "ата, апа, эгер менден баш тартсаңар мен баарын түшүнөм" деген билдирүүсүн калтырган.