"Айт намазга келген адамдар унааларын борбордук көчөгө 3 катардан кылып токтотуп коюшуптур" деген билдирүүсүн окурман "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына жиберген.
"Бардык мусулмандардын ыйык майрамы болгон Курман айт майрамы болуп жаткан учурда Айт намазга келген адамдар өздөрүнүн унааларын 3 катардан кылып Жусуп Абдрахманов көчөсүнө токтотуп коюшуптур. Мунун айынан коомдук транспорттордун жүрүүсүнө тоскоолдук жаралган. Ушундай ыйык майрамда адамдар өзүн гана эмес, өзгөлөрдү да ойлоого тийиш. Ал эми жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери айдоочуларды тартипке чакырбай кайсы жакты карап жатат? Айт намазга коомдук транспорт менен келсе деле болот да, ансыз деле алар бош каттап жатат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.