"Мен Лолитамын" ыры менен дүйнө элине таанылган француз ырчысы, бийчиси жана кайрымдуулук иштеринин активдүү катышуучусу Ализе Жакоте 34 жашка толду. Ал 1984-жылы 21-августта Франциянын Аяччо шаарында туулган.
Кичинекей кезинен тарта достору менен чуркап, секирип бийлеп, созолонто ырдаганды жактырчу. Ал гана эмес 4 жашынан тарта бий ийримине, 15 жашында ыр сынакка катышып, чыгармачылыктагы карьерасын түптөй баштаган.
Алар учакты толугу менен тартып бүтүрүүлөрү керек эле. Жыйынтыгында ырчы байгелүү орунга ээ болуп, ал тарткан учак чыныгы учак катары “Ализе” деген аталышта жасалып чыккан.
Ализенин элге таанылуусуна анын продюсеринин салымы чоң. Себеби жаш кыздын талантын байкаган франциялык ырчы жана продюсер Милен Фармер аны менен келишим түзүп, чыгармачылыктан өз ордун табууга чоң жардам берген. Ализенин аткаруусундагы сөзү Фармерге таандык “Мен Лолитамын” аттуу ыры тез аранын ичинде популярдуу болуп, жарым жылдай хит-параддардан алдыңкы бештиктен түшпөй турган. Көп өтпөй ырчы кызды европалыктар гана эмес, ага чектеш бир канча өлкөлөр тааный баштаган.
Кийин ырчы чоңоюп, продюсери айткан образды жактырбай, өзү жаңы идеяларды сунуштай баштаган. Бирок ырчынын идеясын жактырбаган Милен Фармер аны менен иштешүүдөн баш тарткан. Ага карабастан Ализенин мурунку продюсерине карата эч кандай таарынычы жок. Ал азыркыга чейин устатынын талантына суктанып бүтө албасын айтып жүрөт. Ал эми Милен Фармер бул боюнча эч кандай комментарий бере элек. Ал гана эмес, экөөнүн жолугуша элегине 10 жылдын жүзү болгону айтылат.
2003-жылы болочок жолдошу Жереми Шатлен менен таанышып калып, жарым жыл өтпөй жашыруун түрдө Лас-Вегаста никеге турушкан. Анын күйөрмандары ырчынын бул нерсени жашырып, эч кимге айтпай жүргөнүнө таң калышкан. Түгөйлөр Анни-Ли аттуу кыздуу болуп, бирок 2012-жылы белгисиз себептерден улам ажырашып кетишкен.
2013-жылы “Жылдыздар менен бий” телешоусуна катышып, анда Грегуар Лионе аттуу бийчи менен биргеликте алгачкы орунду жеңип алышкан. Кызыгы, түгөйлөр аз убакыттын ичинде бири-бирин жактырып калышып, жыйынтыгында 2016-жылы баш кошушкан.
Ырчы бат-баттан кийим сатып алууну жактырат. Анын айтымында, артисттин негизги куралы – имидж. Чыгармачыл инсан кийинүү стилин, образын улам сайын алмаштырып туруу керек деп ойлойт. Бирок кийим алууда модасына эмес, ыңгайына көбүрөөк басым жасай турганын айтып келет.
Кайрымдуулук – Ализе Жакотенин жашоосунун негизги бөлүгү. Ал концерттен түшкөн каражаттарын сөзсүз түрдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратууну адатка айланткан.
Жакоте денесине татуировка тарттырууну хоббиге айланткан. Анын айтымында, учурда денесинде 14 тату бар жана келечекте бул сан дагы да болсо көбөймөкчү.
Ал алгачкы татуировкасын 16 жашында тарттырып, мультфильмдин каарманы Динь-Диндин сүрөтүн түшүрсө, эң маанилүү татуировка катары оң колундагы кызынын элеси түшүрүлгөн сүрөттү эсептейт.
21-августтун жылнаамасы.