Бүгүн, 21-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын 3-мелдеш күнү старт алып, спорттун 10 түрүнөн 28 медалдар топтому ойнотулат. Анда грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 4 спортчу катышат. Алар грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турган Каныбек Жолчубеков жана өлкө чемпиону Амантур Исмаилов, кыз-келиндер арасындагы мелдеште жаштар арасындагы Дүйнө чемпиону Айпери Медет кызы жана жаштар арасындагы Азия чемпиону Мээрим Жуманазарова болот.
Каныбек Жолчубеков 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, анын алгачкы атаандашы 19 жаштагы түндүк кореялык спортчу Ри Су Йонг болот. Ри Су Йонг 2018-жылы Бишкек шаарында өткөн Азия чемпиондугунда күмүш медалды тагынып, 2014-жылы жаштар арасындагы Олимпиада оюндарында алтын медалга ээ болгон.
Амантур Исмаилов 67 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, алгач Йемендин спортчусу Мохаммед Абдулла Дерхем менен беттешет. 20 жаштагы Абдулла Дерхем беделдүү мелдештерге катышканы менен, азырынча медалдарды багындыра элек.
Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алгач индонезиялык Ридха Ридван менен кездешет. 26 жаштагы Ридха Ридван 2011-жылы өткөн Түштүк-Чыгыш Азия оюндарынын жеңүүчүсү аталган.
Мээрим Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, анын алгачкы атаандашы таиланддык Наттакарн Каихуанчум болот. 19 жаштагы Каихуанчум 3 ирет Азия чемпиондугуна катышып, бирок байгелүү орундарга илинген эмес.
Грек-рим жана кыз-келиндер арасындагы мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дө старт алат.