Жайкы Азия оюндары: Кыргыз өлкөсү жалпы медалдык эсепте 14-орунда келе жатат

Индонезиянын Жакарта жана Палембенг шаарларында өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында Кыргыз өлкөсү жалпы медалдык эсепте 2 күмүш медаль менен 14-орунда келе жатат.

Медалдык эсепте 1-орунда 36 медаль менен Кытай курамасы келе жатат, анын эсебинде 15 алтын, 12 күмүш жана 9 коло медаль бар.

2-орунда Япония жайгашкан, анын капчыгында 30 медаль бар, анын ичинен 8 алтын, 11 күмүш жана 11 коло медалдар.

3-орунда жалпы эсеп менен 24 медалдын ээси Түштүк Корея курамы, анын капчыгында 5 алтын, 9 күмүш жана 10 коло медаль бар.

Кыргыз спортчулардан күмүш медалдарды эркин күрөш боюнча мелдеште Магомед Мусаев жана кыз-келдиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште Айсулуу Тыныбекова тагынышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aksuu_aduk
2018-08-21 10:43:06
Айсулуу кайра тушобу же болдубу
0
erjigit-e.15
2018-08-21 11:28:55
aksuu_aduk,тушпойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан