Кыргыз суучулу Денис Петрашов Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын сууда сүзүү боюнча мелдештин финалдык бөлүгүнө өттү.
Бүгүн, 21-августта сууда сүзүү боюнча мелдеш уланып, 7 медалдар топтому ойнотулууда. Анда 200 метр аралыктагы брасс стилиндеги жарыштын тандап алуу этабында Кыргыз суучулу Денис Петрашов 2 мүнөт 12 секунд жыйынтык менен 3-орунду ээледи. Бул көрсөткүч Кыргыз суучулуна финалдык бөлүккө чыкканга мүмкүнчүлүк берди.
Кечээ, 20-августта Елизавета Рогожникова 100 метр аралыктагы жарышка катышып, финалдык этапка өтө албай калган. Ал 27 суучулдун арасында 15-орунду ээлеген.