КҮНСЕРЕП: Спикер кеӊеш берет: "Муфтияттын айтканын кылсак өнүгөбүз"

Бүгүн, 21-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Өлкөдө мусулмандардын Курман айт майрамы белгиленүүдө. Мусулмандар Кыргыз Республикасынын калкынын 85 пайыздан көбүн түзөт. Курман айт - Орозо айттан 70 күн өткөндөн кийин майрамдалат. Бул майрамдын өзөгүн колунда жокторго кайрымдуулук кылуу чакырыгы түзөт.

Бишкекте эски аянтта окулган Айт намазга Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана муфтият өкүлдөрү, баш-аягы 25 миӊдей адам катышты.

Куттуктоолор жөнүндө сөз кылсак. Спикерден мурун трибунага чыккан Эсеналиев президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун окуду. Андан кийин трибунаны ээлеген спикер Жумабековдун куттуктоосу парламентаризмге бет алган Кыргыз өлкөсүнүн жогорку жетекчисинин деңгээлине жакындабады. "Муфтияттын өкүлдөрү айткан насаат сөздөрдү көкүрөгүбүзгө түйүп, ошол иш-чаралар менен иш кылсак Кыргыз өлкөсүнүн өнүгүшү тез болот" дейт Жогорку Кеӊеш төрагасы. Албетте, дин өкүлдөрү жаман тилек айтышпайт. Бирок светтик өлкөнүн спикери элди жеке өзүнүн жана ал жетектеп келе жаткан мыйзам чыгаруучу органдын атынан куттуктап, өнүгүүгө үндөй алмак.

Ал эми шаар элин Курман айт майрамы менен куттуктамакчы болуп келген Бишкек мэри Азиз Суракматов 3 сүйлөм куттуктоосун араӊ айтып, сөзүн "курман ыраазы болсун" деген тилек менен жыйынтыктады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Айт намазын Бишкектеги мечиттердин биринде окууну туура көргөнүн аппараттын маалымат кызматы намаздан кийин жарыялап, кайсы мечитке баш баккандыгын ачыктаган жок. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев адаттагыдай Айт намазын өзү туулган Арашан айылындагы мечитте окуп, андан ары "Ата-Бейит" комплексинде Апрель баатырларына багыштап куран окуду. КСДПнын билдиришинче, Атамбаев ал жерде Апрель окуясынын катышуучулары менен пикир алышты.

Ош шаарында окулган Айт намазына облус башчы Узарбек Жылкыбаев, мэр Таалайбек Сарыбашов баштаган 12 миӊдей адам катышты.

Ошентип бүгүнкү Курман айт майрамы адаттагы куран түшүрүү, кайрымдуулук кылуу, мусулмандардын бирин-бири куттуктоосу менен катар Бишкек шаар мэринин "курман ыраазы болсун" деген сөзү, спикердин "муфтияттын айтканын көкүрөккө түйүп иш кылсак өнүгөбүз" деген чакырыгы менен эсте калды. Жумурай журтту куттуктоого, ынтымакка, өнүгүүгө, алдыга умтулууга, бири-бирин сыйлоого чакырууга чоңдордун өз көрөңгөсүнөн ынанымдуу сөз табылбаса, муфтийдин айтканы жардамга келет тура...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан