Дагестанда 8 жыл кулчулукта жүргөн кыргыз жараны кайтып келди
Дагестанда 8 жыл кулчулукта жүргөн кыргыз жараны Руслан Айнабеков (сүрөттө) “Замандаш” ассоциациясынын
мүчөсү Алмазбек Капарбай уулунун аракети менен 26-июнда Кыргызстанга кайтып келди.
Бул тууралуу аталган ассоциациянын
басма сөз кызматы билдирди. 2003-жылы Орусияга иштегени барган Руслан Айнабеков
бирөөлөр менен таанышып калып, алар ага Дагестанда иштөөнү сунушташкан. Макул
болгон Русланды Дагестанга алып барышып кой бактырып коюшкан, кийин ал Махачкалага
качып келип, заводго ишке орношот, ал жерден дагы алданып калган. “Ал
жерден милицияга арыз жаздым, мени башка заводго орноштуруп коюшту. Айлык
акымды алган соң кайрадан Астрахань шаарына кетейин дегем, документтерим жок
болгондуктан мени чек арадан кармап алышып, убактылуу кармоочу жайга 50 күнгө
камап коюшту. Административдик айып пул да төлөдүм. 2011-жылы Астраханда иш
издеп жүрсөм, бир киши кой багууга чакырды. Ал жерден тапкан акчама телефон
сатып алып үйдөгүлөр менен байланышып жүрдүм, кийин номурларды унутуп калып,
байланыш үзүлдү. Мен ар кайсы номурларды терип эле жардам сурай бердим,
натыйжада туугандарымды табууга жардам беришти. Бир туугандарым Кыргызстандын
Орусиядагы элчилигине кат жолдошуптур”,- дейт кулчулуктан бошонгон Айнабеков. Ал эми “Замандаш” ассоциациясынын
мүчөсү, Астрахань шаарындагы “Кыргызстан” коомдук уюмунун жетекчиси
Алмазбек Капарбай уулу төмөндөгүлөрдү билдирди: “Элчиликтен бизге чалышыптыр.
Атайын издөөчү топ түзүп, бул жаранды издөө иштерин баштадык. Астрахань менен
Калмыкиянын талаасынан таап, документтерин жасап, Кыргызстанга алып келдим”.