Жайкы Азия оюндары: Балбан Амантур Исмаилов йемендик спортчуну жеңип, чейрек финалга чыкты

Кыргыз балбаны Амантур Исмаилов Жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдештин чейрек финалына өттү.

Бүгүн, 21-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Кыргыз балбаны Амантур Исмаилов 67 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, чейрек финалга аттанды. Жарым чейрек финалда Амантур Исмаилов Йемендин спортчусу Мохаммед Абдулла Дерхем менен кез келди.

Исмаилов 1-бөлүктүн жүрүшүндө атаандашын 9:0 эсеби менен жеңишке жетти. Муну менен Исмаилов мелдештин чейрек финалына өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан