Жайкы Азия оюндары: Кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова атаандашын 38 секунддун ичинде утуп алды

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова атаандашын 38 секунддун ичинде утуп алды.

Бүгүн, 21-августта Жайкы Азия оюндарынын алкагында грек-рим жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдештер өтүүдө. Анда кыз-келиндер арасындагы мелдештин 68 килограммга чейинки салмак ченинде кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова таиланддык Наттакарн Каихуанчум менен кез келди.

Беттештин жүрүшүндө Мээрим Жуманазарова 38 секунддун ичинде атаандашын утуп алды. Бул жеңиш менен Жуманазарова мелдештин чейрек финалына чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Alixan-Nookat.2015
2018-08-21 13:02:34
Кудай буюрса алтын медаль сеники карындаш.
+6
Nanei
2018-08-21 13:10:58
Азззамат
+3
kyialreal
2018-08-21 13:40:47
Админ Тайланд чон тамга менен жазылат
0
Adi.Avazbekov
2018-08-21 13:44:15
kyialreal,Таиланд деп мамлекетти жазса чон менен ал эми таиланддык деп ал олконун жаранын жазганда кичине тамга менен жазылат
0
Mikaaa
2018-08-21 14:00:43
kyialreal,ошону билбейсинби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан