Чолпон-Атада Дүйнөлүк кулатуу федерациясынын "WEF Global 13" мелдеши өтөт

24-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Дүйнөлүк кулатуу федерациясынын "WEF Global 13" аталышындагы эрежесиз уруш боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги мелдеши өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган федерациянын Ысык-Көл облусу боюнча президенти Константин Куценко билдирди.

Аталган мелдештин алкагында 40 мушкердин өз ара беттеши орун алат. Анда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтө турган мелдеште кыргыз мушкерлер Орусия, Өзбекстан жана Казакстандан келген мушкерлер менен беттешет. Кеченин негизги беттешинде Нурлан Курманалиев менен Дүйшөбай Бакытбек жеңил салмак чениндеги чемпиондук кур үчүн беттешет. Ошондой эле Абдулгажи Газиев менен Санжар Ажибаев жарым жеңил салмак ченинин чемпиондук куру үчүн күч сынашат.

Мелдеш 24-август күнү саат 18:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kyialreal
2018-08-21 19:59:00
Рскул аке алга Алла колдосун сизди
+1
kyialreal
2018-08-21 19:59:50
Акжол алга досм сенин да Алла колдосун
+1
odin-takoy
2018-08-21 22:46:57
Баарынан да Чомонов братка ийгилик ото кату кетип атат
+1
almaz90
2018-08-22 03:08:40
Узгенбаева деген кыз багарина деген узбек улутундагы жигит менен урушабы ошондо...?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан