Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыкты
68 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Жуманазарова чейрек финалдык беттеште түштүк кореялык Жано Юнсит менен кездешти. Кыргыз балбаны беттештин жүрүшүндө 10 упай топтоп, атаандашына мүмкүнчүлүк бербей жеңишке жете алды. Бул жеңиш Жуманазарованы мелдештин жарым финалына чыгарды.
Буга чейин Мээрим Жуманазарова таиланддык Наттакарн Каихуанчум менен беттешип, аны 38 секунддун ичинде утуп алган.