КҮНСЕРЕП: Ажого жолугууга келген шайлоочуларга айып пул салынды. Ак Үй үн катпай турат

Бүгүн, 22-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Сооронбай Жээнбековдун өлкө башчылыгына келгенине жарым жылдан ашуун убакыт болду. Бул аралыкта ал өз ишмердүүлүгүндө негизги басымды коррупция менен күрөшүүгө арнай турганын бир нече ирет айтты. Атүгүл ким коррупционер экенин айткыла, чогуу күрөшөлү деп элден көмөк күтөрүн да жашырган жок. Эл ичинде көптөн бери Бажы тармагындагы коррупция, ошол тармакка өзү жана өзү өстүргөн кадрлары менен тамырлап кеткен бир аткаминер тууралуу көп сөздөр, сындар айтылып жатат. Бирок президенттин түз башкаруусундагы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бул адам боюнча текшерүү жүргүзбөй келет. Эмне үчүн? Мына ушундай абалдан улам президенттин сөзү менен иши дал келбей жатат дегендер көбөйүүдө.

Өткөн аптада президент Жээнбеков өлкөнүн түштүк аймагына сапарга барып, жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрүп кайтты. Кочкор-Ата шаарында ошондой жолугушууга келип, президентке арыз-арманын айтмакчы болгон 5 аял алдын ала тизмеге кошулбай калганы үчүн гана коопсуздук кызматкерлери тарабынан залга киргизилбей, ортодо чыр чыкты. Аялдарды милиция кызматкерлери кармап кетип, Жээнбеков кеткенден кийин Ноокен райондук соту ал үчөөнү 500 сомдон айыпка жыкты.

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жетекчилерден "бир да жарандын арыз-муӊу жоопсуз калбашы керек" деп талап кылып келет. КМШ өлкөлөрүнүн бири болгон Армениянын лидери Никол Пашинян бийликке келгенден берки 100 күндүк ишинин отчётун аянтка чогулган элдин арасына келип, үн күчөткүч менен айтып берди. Мындан тышкары социалдык тармактагы баракчасы аркылуу күн сайын элдин арыз-муңун угууну, күнүмдүк аткарган иштерин айтып турууну адатка айлантты. Мындай окуялардын фонунда Жээнбековдун "эл менен жолугушуу" деп аталган жыйынында 5 адамга орун табылбай, ошонун айынан үчөөнө айып да салынганы элге жага турган иш болбоду. Бул окуяга жол бергендер президенттин аброюна, элдин ажого карата ишенимине катуу сокку урушту. Президент менен жолугушууга адамдарды бирден тизмелеп киргизип, алардын берчү суроосун алдын ала даярдап колуна карматып, сын айта турган адамдарды ал жыйынга жакын жолотпоо - Акаев-Бакиев заманынан калган эски адат. Ошондой эски адаттардан арылуу үчүн революциялар жасалып, бийлик алмашып жатпады беле?

Кочкор-Атада Жээнбеков "коррупция менен күрөшүү боюнча аймактарга да кезек жетет, эсиӊер барда этегиӊерди жапкыла" деди. Коррупцияга каршы күрөш борбордук жана аймактык деп бөлүнбөй тегиз жүрүшү керек эмеспи? Ажонун бул сөзү "текшерүү келгиче артыӊарды эртерээк тазалап алгыла" деген чакырыктай туюлду. Жакында "Мекендештер" форумунда Жээнбеков: "Коррупция деп кыйкыра бербей, коррупционерлердин атын ачык айткыла, бийлик реакция кылат", - деди. Бирок аты аталгандарга Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы чара көрбөй эле келе жатат. Мисалы, "Райым миллион" атыккан "Ош" бажысынын мурдагы жетекчиси Райым Матраимов тууралуу элде, парламент трибунасынан да көп сөз айтылганы менен УКМК менен Башкы прокуратура ага тийише элек. Жээнбеков шайлоо алдында 35 коррупционерди билем деген, президент алардын атын качан жарыялайт деп күткөндөр да арбын.

Кочкор-Атадагы окуяга кайтсак. Аялдарды ичкери киргизбей коюу кошоматчылардын иши болушу мүмкүн. Бирок андан бери 1 апта өттү, Ак Үйдөн конкреттүү реакция болгон жок. Шайлоого чейин бардык жарандарга эшик ачык. Ал эми шайлоодон кийин минтип сыртта калыш бат эле...

Өлкө жетекчиси Сооронбай Жээнбеков бүгүн Апрель окуясында каза болгондордун туугандарына социалдык колдоо көрсөтүү боюнча комиссия мүчөлөрү менен жолукту. "Чыныгы баатырлар өлкөнүн тарыхында калышы керек. 2010-жылдагы окуялар өлкөнүн тарыхы жана аны эч ким бурмалай албайт", - деген президент бул окуяны жана Апрель баатырларын окуу программасына киргизүү керек деп сунуштады. Активдүү "апрелчи", "агасы президент болгон соң, иниси Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырышы керек" деп чыккан Мээрбек Мискенбаев бүгүнкү жолугушууда көрүнгөн жок…

"Ата Мекен" фракциясы акыйкатчы кызматына Канатбек Азиздин талапкерлигин сунуштады. Кубат Оторбаев арызын жазып кеткенден бери бош турган Акыйкатчынын ордуна талапкерлерди Жогорку Кеӊеш жайкы каникулдан келген соң карайт.

Канатбек Азиз - "Ата Мекендин" юристи, мурда аталган партиянын квотасы менен Борбордук шайлоо комиссиясына мүчө болуп иштеген. 2017-жылы Өмүрбек Текебаевге кылмыш иши ачылып, камакка алынгандан тарта соттук процесске такай аралашты. Оппозицияда, бийлик тарабынан куугунтукталып жаткан саясий күчтүн өкүлү катары мамлекеттик машина менен күрөшүп, системде кандай "миналар" катылганын, жарандардын укугу кандай учурларда, кантип бузулуп жатканын кеңири көрдү. Саясаттын мындай оор сыноолоруна сынбастан, тескерисинче, курчуган адамдан тайманбас акыйкатчы чыгарында шек жок.

Өлкөдө бийлик алмашкан соӊ эксперт Чолпон Жакупова, журналисттер Кабай Карабеков, Элнура Алканова жана айрым ММКлар Атамбаевдик бийлик салган соттук түйшүктөн кутулушту. Депутат Канат Исаев үй камагына чыгарылып, иши кайра тергөөгө жиберилди. Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы Индира Жолдубаеваны мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүүдө, Сапар Исаковдун өкмөтүн ишеним көрсөтпөө жолу менен отставкага узатууда активдүү роль ойноп, президентке бийликти толук алып берүүгө салым кошушту. Ушул агымдын күүсү менен ата мекенчи Канатбек Азизге акыйкатчы болууга жол ачылышы мүмкүн...

Президент Жээнбеков эртеӊ Түркмөнстанга мамлекеттик иш сапары менен барат. Ашхабадда өлкө жетекчилери негизги документ катары "Башкы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө" декларацияга кол коюшары күтүлүүдө.

Кыргызды Орусия, Казакстан, Кытай өӊдүү өлкөлөр менен миграция, соода-сатык, ЕАЭБ, ШКУ өӊдүү уюмдар байланыштырып турат. Ал эми Түркмөнстандын Көчмөндөр оюнуна активдүү катышып келе жатканын эске албаганда Кыргыз мамлекети менен алакасы жокко эсе. Кыргыз өлкөсү Ашхабадга 90-жылдары элчилик ачса, Түркмөнстан Бишкекке 2014-жылы гана элчилигин ачты. Расмий маалыматка таянсак, Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүндө Түркмөнстандын үлүшү 0,4 пайызды түзөт. Өлкөлөр ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмү 2016-жылы 16 миллион долларды түзгөн. Кыргыз тарап бул өлкөгө электр лампаларын экспорттоп, Түркмөнстандан азык-түлүк импорттойт. 2014-жылы Кыргыз өлкөсү энергетикалык кыйынчылыкка туш келгенде өкмөт Түркмөнстандан электр кубатын импорттоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, бирок ишке ашкан эмес. Ал эми парламент депутаттары Кыргыздын Ашхабаддагы элчилигин "кылган ишинин дайыны жок" деп сындап жүрүшөт. 2014-жылы ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев Түркмөнстанга иш сапары менен барса, 2015-жылы Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Бишкекке расмий иш сапары менен келип кеткен. Тыгыз соода-экономикалык катышы жок өлкөгө мамлекеттик делегациялардын кайра-кайра иш "саякатка" барышы бюджети чектелүү өлкөнүн жарандарында суроо жаратат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан